Антальяда кыргыз-азербайжан сүйлөшүүлөрү өттү

20-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

18-апрелде Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде боло турган алдыдагы жолугушуулар жана өз ара сапарлар тууралуу пикир алмашуу болду.

Тараптар эки өлкөнүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экенин белгилешти.

20-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X