Ар тараптуу талант
Акыркы күндөрү интернетте карышкырдын улуганын, иттин үргөнүн кадимкидей окшоштурган 17 жаштагы кыздын видеосу хит болуп, аябай талкууланып жатат. Ал гана эмес, жакында Бишкекте өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында бүтүндөй стадионду таң калтырды. Сезим Коргонбаева Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылынан болот. Сезимдин ата-энеси карапайым чабандар. Алар жылдын көбүн тоодо, мал артында өткөрүшөт. Сезим да бош боло калганда эле ата-энесине жардам берип, жайлоодо кой кайтарып чоңойгон. Көрсө, анын бул өзгөчө таланты тоодо жүргөндө эле ачылыптыр. Сезим өзү берген маектеринде: «Кээде жанымда ит жок калганда койлорду тезирээк айдаш үчүн өзүм эле ит болуп үрүп көрчүмүн», — деп күлүп айтып берген. Ошентип жүрүп, бара-бара карышкырдын улуганын, иттин үргөнүн, кичинекей баланын ыйлаганын кадимкидей окшоштуруп туураганды үйрөнүп алган.
Чоң сахнага кадам
Сезим алгач “Номад ТВ” телеканалы уюштурган “Ты супер! Кыргызстан” музыкалык- таланттар шоусуна катышып, өз өнөрүн жалпы журтчулукка тартуулаган. Сезим атайын музыкалык мектептерде окуган эмес, ал тубаса талант. Бирок ал абдан тырышчаак кыз. Комуз чертет, сүрөт тартат жана ырдайт. Жаш талант «Ты супер! Кыргызстан» деген чоң долбоорго катышып, 1500 баланын арасынан эң мыкты 40тын катарына кирген.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты
31-августта Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчуларды, чыгармачыл топторду жана конокторду бириктирген ири иш-чара кыргыз элинин бай тарыхын, маданиятын жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын кеңири даңазалады. Салтанаттуу иш-чарага коомдук жана маданий чөйрөнүн өкүлдөрү менен катар Сезим Коргонбаева да катышып, көчмөндөрдүн улуттук оюндарын жана ата-бабадан калган мурастарды даңазалаган өзгөчө кеченин күбөсү болду. Сезимдин бул маанилүү иш-чарага катышуусу да улуттук маданиятка жана кыргыз элинин тарыхый мурастарына болгон кызыгуунун бир көрүнүшү болду. Көчмөндөр оюндары аркылуу кыргыз элинин бай маданий мурасы дүйнөгө таанылып, жаш муунга ата-бабалардын салтын сактоо жана улантуу идеясы сиңирилүүдө.
Чынара Калматова