«Арал» көзөмөл пунктунун түндүгүндө жаңы көзөмөл пункту ачылат
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жумгал районундагы «Арал» транспорттук көзөмөл пунктунун түндүк тарабында жаңы көзөмөл пункту курулат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Жаңы пункт жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталат. Анда жүк ташуучу унаалардын салмактык жана габариттик нормаларды сактоосу көзөмөлдөнөт.
Ошондой эле республика боюнча иштеп жаткан транспорттук көзөмөл пункттарында көп жылдардан бери жүргүзүлбөй келген толук оңдоп-түзөө иштерин баскыч-баскыч менен ишке ашыруу каралууда.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган курулуш жана оңдоо иштери Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланат.