Арал–Казарман тилкесинде таш кулап, жол бир тараптуу жабылды

6-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 243–296-чакырым аралыгында, тактап айтканда Арал–Казарман тилкесинде тоо бетинен таштар кулап түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен кулап түшкөн таштарды тазалоо жана жолду коопсуз абалга келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

6-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X