Аралаш күжүрмөн күрөш боюнча улуттук ассоциация түзүлдү
Жумгалбек Шабданбеков Кыргызстандын аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-апрелде Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин төрагалыгы алдында ММА боюнча федерациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Иш-чарага Улуттук кулатуу күрөшү федерациясынын, WEF GLOBAL MMA, GAMMA MMA жана IMMAF Кыргызстан уюмдарынын өкүлдөрү катышып, өз ишмердүүлүгү жана эл аралык кызматташуу багыттары тууралуу маалымат беришти.
Талкуунун жыйынтыгында Кыргызстанда аралаш күжүрмөн күрөш ассоциациясын түзүү чечими кабыл алынып, анын негизги максаты федерациялардын ишин бириктирүү, ММА тармагында бирдиктүү саясат жүргүзүү жана өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги позициясын бекемдөө экени белгиленди.
Ассоциациянын төрагасы болуп генерал-лейтенант, УКМК төрагасы Жумгалбек Кумарович Шабданбеков шайланды.
Вице-президенттер катары Руслан Кыдырмышев, Бабур Төлбаев, Абдирашид Жолчубаев жана Ырыскелди Нарбаев бекитилди. Башкы катчы болуп Эмиль Токтогонов дайындалды.
Ошондой эле ассоциациянын курамына Эрали Аскарбек уулу жана Тилек Бапанов кирди.
Жаңы түзүлгөн ассоциация Кыргызстанда ММА спортун өнүктүрүүгө жана тармакты системалаштырууга багытталган маанилүү кадам экени белгиленди.