Аралда 32 жыл жалгыз жашаган Мауро Боранди кетүүгө аргасыз болду
Италияга караштуу Буделли аралында 1989-жылдан бери 32 жыл жалгыз жашаган 81 жаштагы Мауро Боранди аттуу адамды аралдан кетүүгө мажбур кылышты деп билдирди Би-Би-Си.
Сардиниянын жээгинен 7 чакырым аралыкта жайгашкан Буделли аралы 2013-жылы жаңы зеландиялык ишкерге 2,94 миллион еврого сатылып кеткен. Бирок, Улуттук парк сот аркылуу сөз болуп жаткан аралды 2016-жылы өз башкаруусуна кайтарып алган. Италиялыктар мауро Борандини аралда калтыруу боюнча 70 миңден ашык кол топтоп бийликтерге кайрылышкан. Бирок, Мауро Боранди кошуна аралдагы чакан батирге көчүүнү чечкен.