Арашандагы жаңжал боюнча териштирүү иши башталды
Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Флагшток аймагында жаштардын ортосунда чыккан жаңжал боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 07:50 чамасында катталып, анын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун талкуусун жараткан.
Окуя каттоого алынып, жерине ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Жаңжалга катышы бар жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү териштирүү жүргүзүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, катышуучулардын бири милицияга арыз менен кайрылып, жаңжал өз ара түшүнбөстүктөн улам чыкканын жана эч кимге карата доо-талабы жок экенин билдирген.
Учурда окуя боюнча кошумча текшерүү иштери уланууда. Анын жыйынтыгында мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.