Араван районунда калк акысыз медициналык текшерүүдөн өтүүдө
Араван районунда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс калкка акысыз медициналык текшерүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, комплекс райондо болжол менен үч ай иштеп, андан кийин Кочкор районуна жөнөтүлөт. Диагностикалык борбор тургундарга дарыгерлердин консультациясын, дарылоо кызматтарын жана ар түрдүү диагностикалык текшерүүлөрдү сунуштайт.
Араван районунда болжол менен 147 миң адам жашайт. Көпчүлүк тургундар үчүн бул өз аймагынан чыкпай эле медициналык текшерүүдөн өтүп, адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Мобилдик комплекс заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Анда компьютердик томограф, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, лаборатория жана мобилдик скрининг борбору иштейт. Ошондой эле бейтаптарды ташуу үчүн атайын унаалар, анын ичинде тез жардам автоунаасы каралган.