Араван жана Ноокатта мектеп, бала бакча маселелери көтөрүлдү

21-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 127

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматов Араван жана Ноокат райондорунда иш сапары менен болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактардагы социалдык маселелерди жеринен көрүп чыкты.

Алгач Араван районунун Тоо-Моюн айыл өкмөтүндө эл менен жолугушуу өтүп, тургундардын көйгөйлөрү жана сунуштары угулду. Авиз айылында «Солнышко» бала бакчасы көп жылдан бери иштебей, анын ордуна №12 М. Кадыров атындагы мектептин үч классы бала бакча катары колдонулуп жатканы айтылды. Орун жетишсиз болгондуктан, айрым балдар башка айылдардагы бала бакчаларга барып жатканы белгиленди.

Ошондой эле айылдагы маданият үйүнүн тиешелүү документтери жок болгондуктан, аны реконструкциялоо иштерин баштоо мүмкүн болбой жатканы көтөрүлдү.

Иш сапар Ноокат районунда уланды. Төөлөс айыл өкмөтүндө депутат тургундар менен жолугуп, аймактагы көйгөйлөрдү укту. Андан соң Уркуя Салиева музейинин жаңы имаратын, Салиева атындагы бала бакча курула турган жер тилкесин, Кара-Кечит жана Кеңеш мектептеринин абалын көрүп чыкты.

Жайылма айылында да эл менен жолугушуу өтүп, мектептин абалы талкууланды. Учурда Жайылма орто мектебинин имаратынын бир бөлүгү бала бакча катары пайдаланылып жатканы аныкталды. Мындан тышкары, жаңы мектеп куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеси каралды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X