Араванда ири өндүрүш: 1 млрд сомдук газоблок заводу курулууда

13-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 220

Араван районунда курулуш тармагына жаңы дем бере турган ири өндүрүш объектиси курулууда. Инвестициялык наркы 1 млрд сомду түзгөн «Араван Газоблок» заводу ишке кирсе, 70 жаңы жумуш орду түзүлөт.

12-августта Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Аманкан Кенжебаев Араван районунун Достук айыл аймагына болгон иш сапарынын алкагында заводдун курулушу менен таанышты.

Долбоор жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүүгө жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган. Заводдун ишке кириши менен аймакта жаңы жумуш орундарын түзүү менен катар өндүрүштүк потенциалды жогорулатууга шарт түзүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X