Араванда жер маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылган эки кызматкер кармалды
Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын эки кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, кызматкерлер жарандардын жер маселесин чечип берүү үчүн акча талап кылышкан. Тактап айтканда, конструкцияны бир жер тилкесинен башкасына көчүрүүгө уруксат берүү үчүн пара суралган.
12-августта атайын операция учурунда айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.у.А. өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалган.
Ошондой эле кылмышка тиешеси бар деген шек менен айыл аймагынын башчысынын орун басары И.М.А. да кармалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө уланып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.