Арча-Бешикте 1200 окуучуга ылайыкталган мектеп салынып жатат
Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы №79 мектепке 1200 орундуу жаңы окуу корпусу курулуп жатат.
Маалыматка ылайык, жаңы имарат Арча-Бешик конушундагы Эр-Тайлак көчөсүндө жайгашат. Долбоордо окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар каралган. Учурда жер казуу иштери толугу менен аяктап, пайдубалга чейинки бетондун төмөнкү катмарын куюу иштери жүрүп жатат.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев иштердин жүрүшү менен таанышып, сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана куруучулардын санын көбөйтүүнү тапшырды.
Маалым болгондой, Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.