Арча-Бешикте 570 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

13-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 125

Бишкектин Арча-Бешик конушунда №79 мектеп үчүн 570 орундуу жаңы имараттын курулушу уланууда. Заманбап талаптарга ылайык салынган мектептин негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, учурда акыркы иштер аткарылууда.

Үч кабаттуу имараттын чатыры жабылып, сырткы фасады жасалды. Эми куруучулар ички жасалгалоо иштерине өтүп, мектептин айланасында спорт аянтчаларын да куруп жатышат.

Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, компьютердик класс, ашкана, жыйындар залы, спорт залы жана дарыгердин бөлмөсү болот.

Мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Курулуш иштеринин сапаты министрликке караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүп, объектте жүргүзүлүп жаткан иштер үзгүлтүксүз текшерилүүдө.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X