Арча-Бешиктеги 10 жылдан бери бүтпөй турган үйдүн тагдыры чечилеби?
Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунда 2016-жылы курулушу башталып, ушул күнгө чейин бүтпөй турган көп кабаттуу турак үйдү бүткөрүү маселеси каралууда. Курулуш министрлиги объектти өз карамагына өткөрүп, үлүш ээлерин батирлерине киргизүү боюнча иштерди баштайт.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-ноябрда, курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов Аксы көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан курулуш объектисине барып, үлүш ээлери менен жолугушту.
Беш кабаттуу турак үйдүн курулушун 2016-жылы «Альянс курулуш плюс» компаниясы баштаган. Эскиздик долбоор боюнча беш блоктон турган имаратта жалпы 120 батир каралган. Бирок курулуш иштери ар кандай баскычта токтоп, бүгүнкү күнгө чейин аяктаган эмес. Мындан тышкары, объект тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз курулганы белгиленди.
Жолугушууда үлүш ээлери турак үйдүн курулушу он жылдан бери бүтпөй жатканын айтып, аны бүткөрүүгө министрликтен көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.
Бакай Турдугуловдун айтымында, объект министрликтин карамагына өткөрүлгөндөн кийинки негизги максат — курулушту аягына чыгарып, үлүш ээлерин батирлерине киргизүү.
Алгач имаратты министрликтин карамагына өткөрүү боюнча документтер таризделет. Андан соң адистер анын техникалык абалын текшерип, корутунду даярдашат. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша курулушту улантуу жана бүткөрүү боюнча мындан аркы чаралар аныкталат.