Арслан Койчиев Айтматов менен Толстойдун мааракелерине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана орус элинин атактуу жазуучусу Лев Толстойдун 200 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин алгачкы жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө 2028-жылы өтө турган мааракелик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды.Возможно, это изображение один или несколько человек
Арслан Койчиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы жана Лев Толстойдун 200 жылдыгы эл аралык масштабдагы маанилүү маданий окуялар экенин айтты.
Ал иш-чараларды жогорку деңгээлде даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуунун, ошондой эле жооптуу министрликтердин жана Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруусунун зарылдыгын баса белгиледи.Возможно, это изображение текст
Соңунда Мамлекеттик катчы юбилейлик иш-чараларды өткөрүү кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, ошондой эле Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстойдун адабий мурастарын жайылтууга жана даңазалоого өбөлгө түзөрүнө токтолду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча жооптуу министрликтерге жана Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнө бир айлык мөөнөттө кыргыз тараптын сунуштарын иштеп чыгуу жана иш-чаралар планын түзүү тапшырылды.
2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X