Арслан Койчиев: «Жаңы идеяларга муктажбыз»

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83

Бишкекте, бүгүн, 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев академик А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунда өткөн “Философия жана социалдык-гуманитардык илимдерди (социология, саясат таануу, маданият таануу, динтаануу) өнүктүрүү: илим, билим берүү жана коом” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чарада философиянын жана социалдык-гуманитардык илимдердин заманбап коомдун өнүгүшүндөгү орду, илим менен билим берүүнүн өз ара байланышы, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоо, коомдук аң-сезимди калыптандыруу маселелери талкууланды.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө бүгүнкү күндө философия илиминин коом үчүн өзгөчө зарыл экендигин белгилеп, жаңы философиялык ойлорго жана идеяларга коомдун муктаждыгы жогору экенине токтолду.

“Бүгүнкү күндө биздин коомчулук философиялык жаңы ойлорго, идеяларга суусап турат. Биз жаштарды философия илимине кызыктырып, аларды изденүүгө, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана жаңы идеяларды жаратууга шыктандырышыбыз керек. Илимий изилдөөлөрдү жандандырып, философиялык ой жүгүртүүнүн коомдук турмуштагы ордун күчөтүү зарыл”, – деп белгиледи Арслан Койчиев.

Ошондой эле Мамлекеттик катчы улуттук философиялык мурасты изилдөө жана өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, аны терең изилдеп, мазмунун дүйнөлүк илимий жана интеллектуалдык мейкиндикте таанытуу маанилүү милдеттердин бири экенин баса белгиледи.

Арслан Койчиевдин айтымында, кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасында, дүйнө таанымында, оозеки чыгармачылыгында жана руханий мурасында камтылган философиялык ойлорду илимий негизде системалаштыруу зарыл. Бул улуттук интеллектуалдык мурасты жаңыча түшүнүүгө гана эмес, дүйнөлүк философиялык ой жүгүртүүнү байытууга да өбөлгө түзөт.

Конференцияга илимий коомчулуктун өкүлдөрү, окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышып, социалдык-гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери жана келечектеги өнүгүү багыттары боюнча пикир алышты.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X