Арстанбаптагы жаңгак-мөмө токойлорунун келечеги эл аралык деңгээлде талкууланды

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 213

«Кыргыз Республикасынын жаңгак-мөмө токойлору» аттуу эл аралык илимий конференциянын экинчи күнү  Жалал-Абад облусундагы Арстанбап-Ата токой чарбасында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө конференциянын катышуучулары дүйнөгө белгилүү реликттүү жаңгак-мөмө токойлорунун уникалдуу экосистемасы, экологиялык мааниси жана учурдагы абалы менен жеринде таанышышты. Ошондой эле токойлорду сактоо, коргоо жана туруктуу башкаруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алышты.

Талаа иш-чарасына катышкан чет өлкөлүк окумуштуулар, эксперттер жана токой чарбасынын адистери өз өлкөлөрүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, токой экосистемаларын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана токой чарбасын өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң ири жана уникалдуу жаңгак-мөмө токойлорунун бири болгон Кыргызстандын табигый токойлорун келечек муундар үчүн сактап калуу, токой продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана тармакка заманбап санариптик технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Жаңгак-мөмө токойлорун сактоо — бул баа жеткис жаратылыш мурасын, биологиялык ар түрдүүлүктү жана экологиялык коопсуздукту келечек муундар үчүн сактоого багытталган маанилүү кадам.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X