Арстанбапты сактоо үчүн 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү бир аянтта чогулду
Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн уникалдуу жаратылыш мурастарынын бири болгон Арстанбаптын реликттүү жаңгак-мөмө токойлорунун келечеги эл аралык деңгээлде талкууланды. 9–10-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунда өткөн «Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору – дүйнөлүк жаратылыш мурасы, биологиялык ар түрдүүлүк, климаттык туруктуулук жана келечек үчүн маанилүү байлык» аттуу эл аралык конференцияга Европа жана Азиянын 20дан ашуун өлкөсүнөн келген окумуштуулар, экологдор, токой чарба адистери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын негизги максаты дүйнөдөгү эң ири табигый жаңгак-мөмө токойлорунун бири болгон Арстанбаптын учурдагы абалын талдап, аны сактап калуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү болду.
Токойдун табигый жаңылануусу солгундап барат
Адистердин айтымында, миңдеген жылдардан бери сакталып келген уникалдуу экосистема бүгүн олуттуу коркунучтарга туш болуп жатат. Алардын катарына климаттын өзгөрүшү, адам факторунун күчөшү, оорулар менен зыянкечтердин көбөйүшү жана токойлордун табигый жаңылануу процессинин жайлашы кирет. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Европа жана Борбордук Азия боюнча токой зыянкечтери боюнча адиси Широма Сатияпала Арстанбаптагы жаш көчөттөрдүн саны азайып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, табигый шартта токой өзүн-өзү жаңылап турушу керек. Бирок учурда жаш көчөттөр малдын жайылышынан жана адамдардын таасиринен улам толук өсүп жетилбей калууда. «Бул жерде жаш жаңгак көчөттөрү кыйла көп болушу керек эле. Бирок биз аларды дээрлик көрбөй жатабыз. Натыйжада токой өзүн-өзү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн акырындап жоготуп баратат» — деди.

Ошондой эле ал аймактагы калктын санынын өсүшү токой ресурстарына болгон басымды күчөтүп жатканын белгилеп, көйгөйдү жергиликтүү элдин социалдык-экономикалык муктаждыктары менен бирге кароо зарылдыгын айтты.
Оорулар жана зыянкечтер күчөп жатат
Конференциянын жүрүшүндө токойлорго коркунуч жаратып жаткан оорулар жана зыянкечтер маселеси да кеңири талкууланды. Адистер акыркы жылдары антракноз жана фитофтора сыяктуу илдеттер күчөп, дарактардын жалбырактарын, мөмөлөрүн жана сөңгөктөрүн жабыркатып жатышканын айтышты.
Экологдордун пикиринде, мындай коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн токойлордун абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө, ооруларды эрте аныктоо жана алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл.
Широма Сатияпала фитосанитардык коопсуздук маселесине да токтолуп, сырттан алып келинген көчөттөр аркылуу жаңы оорулар жайылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти.
«Башка мамлекеттен көчөт же бак-дарак алып келингенде анын сертификаты сөзсүз текшерилиши керек. Анткени топурак менен кошо бактериялар жана козу карындар да кирип келиши мүмкүн. Эгер алар жайылып кетсе, бүтүндөй экосистемага коркунуч жаралат», — деди ал.

Дүйнөлүк маанидеги жаратылыш мурасы
ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев Арстанбап токойлору Кыргызстан үчүн гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги баалуу жаратылыш мурасы экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңгак-мөмө токойлорун сактоо биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, климаттык туруктуулукту камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн табигый байлыктарды сактап калуу дегенди билдирет.

Абал жеринде көрсөтүлдү
Конференциянын экинчи күнү катышуучулар Арстанбап-Ата токой чарбасына барып, токойдун учурдагы абалы менен жеринен таанышышты. Алар жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берип, ошол эле учурда чечүүнү талап кылган көйгөйлөргө дагы көңүл бурушту.
Адистер табигый жаңыланууну камсыз кылуу үчүн жаш көчөттөрдү малдан коргоо, туруктуу мониторинг жүргүзүү, санариптик технологияларды колдонуу жана илимий изилдөөлөрдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске албастан токойду сактап калуу мүмкүн эместиги айтылды. Эксперттер токой продукцияларын кайра иштетүү, кошумча нарк түзүүчү өндүрүштөрдү өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү элдин кирешесин көбөйтүүгө болорун белгилешти. Бул өз кезегинде адамдардын токойго болгон мамилесин өзгөртүп, аны жөн гана ресурс эмес, келечек үчүн сакталууга тийиш болгон баалуулук катары кабыл алууга жардам берет.

Арстанбап – жалпы адамзаттын жоопкерчилиги
Үч күнгө созулган иш-чаранын алкагында Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн токой зыянкечтери боюнча адистери тажрыйба алмашып, биргелешкен иш-чараларды талкуулашты. Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар Арстанбапты сактоо бир гана Кыргызстандын эмес, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун жоопкерчилиги экенин баса белгилешти. Анткени бул уникалдуу жаңгак-мөмө токойлору жоголсо, анын ордун эч бир башка экосистема толтура албасын айтышты.
Чынайым Кутманалиева