Артем Новиков Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен облустук ооруканасына барды

30-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 18

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков чек арада чыккан кагылышуунун натыйжасында ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдардын абалынан кабар алды жана жабыркагандарга тийиштүү деңгээлдеги медициналык көмөк көрсөтүлүп, зарыл болгон учурда медициналык персонал башка облустардан, анын ичинде Бишкек шаарынан да кошумча тартылаарын айтты.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган жана ал учурда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жүрөт

30-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X