Асаналиев ШКУнун башкы прокурорлор жыйынына катышты

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 23-жыйыны видеоконференция форматында өттү. Ага Кыргызстандын атынан М.К. Асаналиев катышты.

Жыйын 2026-жылдын 14-майында уюштурулуп, ага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору да катышкан.

Тараптар заманбап шарттарда прокуратура органдарынын ролу жана функциялары боюнча пикир алмашып, практикалык тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле ШКУ алкагында укуктук кызматташтыкты күчөтүү жана координациялык механизмдерди чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө чек ара аралык кылмыш-жаза сот өндүрүшү, өз ара укуктук жардам көрсөтүү, активдерди кайтаруу, коррупцияга, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтык маселелери талкууланды.

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X