Асель Чынбаева: Кыздар илимдин туу чокуларын багындырышы үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек
Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Эл аралык кыздар күнүнө карата STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркуль Кендирбаева жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Самман Тапа катышты.![]()
Өз сөзүндө Асель Чынбаева кыздардын билим алууда жана кесип тандоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.
“Биз кыздар каалаган кесипти ишенимдүү тандап, илимдин бийиктиктерин багындырып, эң амбициялуу долбоорлорун ишке ашыра алышы үчүн, өз потенциалын эч кандай терс көз караштар менен чектебеши үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек” — деди Асель Чынбаева.![]()
STEAM4Girls программасы алты жылдан бери өспүрүм кыздардын лидерлик жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүп келет.![]()
Жаңы этаптын алкагында республика боюнча мектептерде STEAM-клубдарын түзүү пландалууда.