Аскар Акаев Чолпон-Атадагы эл аралык форумга катышууда
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Ал Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Чыңгыз Айтматов атындагы 40-эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда. Иш-чара 18–22-июнь күндөрү уланат.
Форумга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү окумуштуулар, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана эксперттер чогулуп, глобалдык чакырыктар, туруктуу өнүгүү, технологиялар жана адамзаттын келечеги боюнча пикир алмашууда.
Аскар Акаев бул иш-чарада окумуштуу катары чыгып, эл аралык талкууга катышууда.