Аскар Акаев: Кыргыз эли жакынкы 10 жылда экономикалык керемет жаратышы мүмкүн
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Ысык-Көл эл аралык форумунда өлкөнүн келечектеги экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, Кыргызстан жакынкы 10 жылда чоң экономикалык ийгиликтерге жетиши мүмкүн экенин билдирди.
Ал Садыр Жапаровдун саясий багытына оң баа берип, экономика өсүп, социалдык тармакта жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу долбоорун өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк катары баалап, экономикалык секирик үчүн 8–10 жыл убакыт керек экенин айтты.