Аскер кызматкерлерине МИК аркылуу 900дөн ашык батир берилет

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 60

Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 900дөн ашык батир берүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 20 жылдан ашык аскер кызматын өтөгөн жарандардын ипотекалык насыясы толук жабылганга чейин мамлекет тарабынан компенсация төлөнөт. Ошондой эле аскер кызматчылары кайсы аймакта кызмат кылбасын, өзү тандаган жерден ипотекалык турак жай алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Маалыматка ылайык, МИК аркылуу аскер кызматкерлерине жакында бүтчү үйлөрдөн 900дөн ашык батир берилет.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы акыркы жылдары Куралдуу күчтөрдүн бюджети кыйла жогорулаганын белгиледи. Тактап айтканда, тармактын бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300 пайыздан ашык өскөн.

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 60
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X