Аскердик медкароо эми санарип форматта жүргүзүлөт

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Чүй облусунда аскерге чакырылуучуларды санариптик медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды.

Долбоор райондук аскер комиссариаттарынын ордуна Чүй облустук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда жүргүзүлдү. Анын алкагында аскерге чакырылууга чейинки курактагы 788 жаран санариптик медициналык кароодон өттү.

Текшерүүнүн жыйынтыктары толугу менен электрондук форматта иштелип чыгып, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук байланыш системасы аркылуу тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, жаңы ыкма медицина кызматкерлеринин иш жүгүн жеңилдетип, кагаз ишин азайтып, процедуралардын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулаткан.

Белгиленгендей, бул тажрыйба келечекте Кыргызстандын бардык аймактарына жайылтылат.

Эске салсак, аталган реформалар 2026-жылдын 14-январында өткөн аппараттык жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тарабынан демилгеленген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X