Asman Airlines авиапаркын 8 жаңы учак менен жаңыртат
Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы жакынкы беш жыл ичинде авиапаркын кеңейтүүнү пландоодо. Компания Airbus A321 үлгүсүндөгү 8 учак сатып алууну көздөп жатат.
Маалыматка ылайык, учурда эки учакты алуу боюнча келишимге кол коюлган. Жаңы аба кемелери жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүп, эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө шарт түзөт.
Asman Airlines 2025-жылы 350 миң жүргүнчүнү тейлеп, 2,5 миңден ашык каттам аткарган. Учурда авиакомпания өлкөдөгү 11 аэропортко каттамдарды жүргүзүп, паркында 3 Dash Q400 учагы бар. Жакынкы убакта дагы бир учакты алуу пландалууда.
Компаниянын авиапаркын жаңылоо жана кеңейтүү иштери Кыргызстандын аба транспортун өнүктүрүү, жүргүнчүлөр үчүн жаңы багыттарды ачуу жана эл аралык байланыштарды күчөтүү максатын көздөйт.