“Asman Airlines” учагы техникалык себептен улам Бишкекке кайтып конду
Бишкек–Раззаков багыты боюнча учуп чыккан “Asman Airlines” авиакомпаниясынын учагы техникалык себептерден улам кайрадан «Манас» эл аралык аэропортуна кайтып конду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому билдирди.
Маалыматка ылайык, аба кемеси аэропортко аман-эсен конгон. Учак конгондон кийин рулдук тилкеде атайын сүйрөөчү техника менен токтотуучу жайга жеткирилген.
Адистер тарабынан аба кемесине алгачкы текшерүү жүргүзүлүп, алдын ала маалымат боюнча учактын абалы канааттандырарлык экени аныкталган.
Учурда учакты толук текшерүү иштери пландалууда. Анын жыйынтыгы тууралуу адистер кошумча маалымат беришет.
“Asman Airlines” авиакомпаниясы азырынча окуя боюнча расмий комментарий бере элек.