Асман шаары кеңейет. Тору-Айгыр менен Тамчыдан 654 гектар бөлүндү
Ысык-Көл районунда мамлекетке таандык 654 гектар жер Асман шаарын долбоорлоо жана курууга бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Жер тилкеси калктуу конуштардын категориясына которулуп, Тору-Айгыр жана Тамчы айыл өкмөттөрүнүн аймагынан берилди.
Анын басымдуу бөлүгү айыл чарба багытындагы жерлер болсо, калган бөлүгү мамлекеттик токой фондусуна таандык.
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына жер документтерин өзгөртүү жана аймакта шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырылды.