Астанада Кыргызстандын кызыкчылыктары ийгиликтүү корголду
Президент Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон иш сапары Кыргызстандын Евразиялык мейкиндиктеги ордун бекемдөөгө багытталган маанилүү дипломатиялык кадамдарынын бири болду. Эки күнгө созулган сапардын алкагында мамлекет башчысы Евразия экономикалык бирлигинин форумуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү менен аймактык кызматташтыктын келечегине байланышкан маанилүү демилгелерди көтөрдү.
Бүгүнкү күндө дүйнө технологиялык өзгөрүүлөрдүн жаңы доорун баштан кечирип жаткан шартта Президент Садыр Жапаров жасалма интеллект, санариптик трансформация жана илимий-инновациялык кызматташтык маселелерин жолугушуулардын күн тартибинин борборуна чыгарды. Президенттин: “ЕАЭБ жөн гана соода аянтчасы эмес, технологиялык өнөктөштүктүн жана биргелешкен инновациялардын борборуна айланышы керек”-деген пикири учурдагы дүйнөлүк тенденциялар менен толук шайкеш келет.
Өзгөчө көңүл бурууга арзый турган жагдай – Кыргызстандын жасалма интеллектти мамлекеттик башкаруу жана фискалдык системаларга киргизүүдөгү жетишкендиктеринин эл аралык деңгээлде белгилениши болду. Бул өлкөнүн заман талабына ылайык өнүгүүгө багыт алганын жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга умтулуп жатканын көрсөтөт. 
“Жасалма интеллектти биргелешип өнүктүрүү Биримдиктин технологиялык прогрессине кубаттуу түрткү берет деп ишенебиз”, — деди өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров.
Астанада өткөн жолугушууда дагы бир маанилүү жагдайды баса белгилеп кетүү керек. Кыргызстандын үнү ЕАЭБ алкагында барган сайын салмактуу угулууда. Садыр Жапаровдун сөздөрүндө экономикалык коопсуздук, технологиялык көз карандысыздык, азык-түлүк жана энергетикалык туруктуулук сыяктуу маселелердин көтөрүлүшү, өлкө жетекчилигинин глобалдык чакырыктарды туура баалап жатканынан кабар берет.
Ошондой эле ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы менен эркин соода аймактарын кеңейтүү, агроөнөр жай кызматташтыгын күчөтүү, энергетикалык рынокту өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр секторун либералдаштыруу боюнча бир катар документтерге кол коюлушу Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарына жооп берген чечимдердин кабыл алынганын көрсөттү. Бул келишимдер келечекте жаңы инвестицияларды тартууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болоорунда шек жок. 
Кыскасы, Президент Садыр Жапаровдун Астанага болгон иш сапары Кыргызстандын аймактык интеграциядагы активдүү позициясын дагы бир жолу тастыктады. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндүн чакырыктарына жооп берген заманбап идеяларды сунуштоо менен өлкөнүн өнүгүү багытын так көрсөтүп жатканын белгилеп кетсек болот. Технологиялык өнүгүү, экономикалык кызматташтык жана инновациялык саясатты алдыга сүрөгөн мындай демилгелер Кыргызстандын келечектеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууда маанилүү роль ойнойт.
Астанадагы сүйлөшүүлөр жана кабыл алынган чечимдер Президент Садыр Жапаровдун региондогу таасирдүү лидер катары мамлекеттин кызыкчылыктарын ырааттуу коргоп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган ишмердигин дагы бир жолу айгинеледи.
Күнболот Момоконов