Астанада жогорку сот жетекчилеринин жолугушуусу өттү

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 209

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жогорку сот органдарынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуу Казакстандын Акорда сарайы имаратында ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун Экинчи конференциясынын алкагында өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Алишер Усманов, Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкез, Түркиянын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Зеки Йигит жана ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.Возможно, это изображение Овальный кабинет

Жолугушууда түрк мамлекеттеринин сот системаларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, жарандардын жана инвесторлордун укуктарын коргоо, сот адилеттигинде санариптик технологияларды колдонуу жана ТМУ алкагындагы өз ара байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Президент Токаев сот бийлиги мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо маанилүү орунда турарын белгиледи. Ал ошондой эле жогорку сот органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуунун жана кесиптик кызматташуунун маанисине көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда тараптар ТМУга мүчө мамлекеттердин сот органдарынын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X