Астронавт Майкл Коллинз каза тапты
АКШда 91 жашка караган курагында астронавт Майкл Коллинс дүйнөдөн кайтты. Ал 1969-жылы Айга биринчи жолу конгон “Аполлон-11” экипажынын мүчөсү болгон. Бирок, астронавттар Нилл Армстронг менен Базза Олдринден айырмаланып, Айга буту тийген эмес, командалык модулда отурган. Ошондуктан, ага “Унут калган астронавт” деген ат берилген деп маалымдады National Public Radio.
Майкл Коллинз 1930-жылы Римде туулуп, 1952-жылы АКШнын Аскер академиясын аяктап, аскер учкучу болгон. 1963-жылы NASAнын астронавттардын үчүнчү отрядына кабыл алынган.
Космоско ал биринчи жолу 1966-жылдын июль айында астронавт Джон Янг менен бирге “Джемини-10” кораблинде 3 күнгө учуп, Айга эки ирет жакындашкан.Ал адамзат тарыхында бир жолку учуу учурунда ачык космоско эки ирет чыккан биринчи адам.
Айга учуудан кийин ал мамлекеттик катчынын коомдук байланыштар боюнча жардамчысы болуп дайындалган.