Асылбек Байсабаев: Айылдын өнүгүүсү – элдин турмушун жакшыртуудан башталат

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 105

Токтогул районунун Сары-Камыш айылы тоо койнунда жайгашкан, шарты катаал жана алыскы аймактардын бири. Мындай жерде элдин күнүмдүк жашоосун жакшыртуу, жолун оңдоо, жарыгын тартуу, социалдык объектилерин жаңылоо оңой эмес. Ага карабай, айыл өкмөтүнүн өткөн жылы аткарган иштеринин жыйынтыгында бир катар маанилүү демилгелер ишке ашкан.

Бул иштердин артында айыл элинин керектөөсүн эске алган жергиликтүү башкаруунун аракети, демөөрчүлөрдүн колдоосу жана ар кандай долбоорлор менен иштөө турат. Биз Сары-Камыш айыл аймагынын башчысы Асылбек Байсабаев менен айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, аткарылган иштер жана алдыдагы милдеттер тууралуу маектештик.

Асылбек мырза, Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн абалына токтоло кетсеңиз. Жалпысынан кандай иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат?

— 2025-жыл Сары-Камыш айыл өкмөтү үчүн бир катар маанилүү иштер аткарылган жыл болду. Биздин негизги максатыбыз – айыл элинин жашоо-шартын жакшыртуу, социалдык объектилерди өнүктүрүү, жол, электр энергиясы жана башка күнүмдүк керектөөлөргө байланышкан маселелерди чечүү.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, тышкы инвестицияларды тартуу, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле билим берүү, бала бакча, социалдык коргоо, айыл чарбасы жана жашылдандыруу багыттарында да бир топ иштер жасалды.

Айылдын мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонуна карабай, ар бир багыт боюнча колдо болгон каражаттарды туура пайдаланууга, долбоорлорду ишке ашырууга жана элдин муктаждыгына жараша иш алып барууга аракет кылдык.

Жергиликтүү бюджеттин кирешеси жана өзүн-өзү каржылоо боюнча кандай жыйынтыктар болууда?

— Өткөн жылы Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине жалпы 2 млн 244,3 миң сом салык топтолуп, пландык тапшырма 114,9 пайызга аткарылып, өсүү темпи 6,6 пайызды түздү. Айыл аймактарынын өзүн-өзү каржылоосу да жакшы көрсөткүчкө жетип, башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу 4 пайызга өстү. Бул – жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана өз каражатыбызды туура пайдалануу багытындагы иштердин жыйынтыгы. Бюджеттин мүмкүнчүлүгү кеңейген сайын айылдагы маанилүү маселелерди чечүүгө да шарт түзүлөт.

Өнөр жай тармагындагы көрсөткүчтөр кандай болду?

— 2025-жылдын 12 айында өнөр жай продукциясынын көлөмү 635 млн сомго жетти. 2024-жылга салыштырмалуу 2 млн 494,6 миң сомго жогорулап, өсүү темпи 6,7 пайызды түздү.

Өнөр жай тармагынын өнүгүүсү айылдын экономикалык мүмкүнчүлүгүнө таасир этет. Ошондуктан мындан ары да өндүрүштү, ишкерликти жана жергиликтүү экономиканы жандандыруу багытындагы иштерди улантуу зарыл.

Инвестиция тартуу боюнча маалыматта бир катар көрсөткүчтөр айтылган. Бул багытта кандай иштер жасалды?

— 2025-жылдын январь-декабрь айларында Сары-Камыш айыл өкмөтүнө тартылган инвестициянын көлөмү жалпы 10 млн 416 миң 385 сомду түздү. Ошондой эле ички инвестициялардын көлөмү 2 млн 900 миң сомду түзүп, 1 млн сомго көп тартылганы көрсөтүлөт. Сырткы инвестициялардын көлөмү 10 млн 416 миң 385 сом болгон. Ал эми 2025-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмү 635 млн сомго жетти.

Инвестиция тартуу — айылдын өнүгүүсү үчүн маанилүү багыт. Айрыкча алыскы аймактарда жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, ар кандай фонддор, долбоорлор жана демөөрчүлөр менен иштешүүдөбүз.

Электр энергиясы боюнча Бос-Талаа көчөсүндө маанилүү долбоор ишке ашкан экен. Бул боюнча айта кетсеңиз?

— Ооба, энергетика тармагында Бос-Талаа көчөсүнө электр мамычаларын орнотуу боюнча долбоор ишке ашырылды. Бул иш Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИСтин

«CАSА-1000» долбооруна катышуунун алкагында аткарылды. Долбоордун жалпы суммасы 5 млн 638,6 миң сомду түздү.

Долбоор боюнча электр чубалгылары толугу менен тартылып, жалпы 152 электр мамычасы жана 2 трансформатор орнотулуп, иштер 7 млн 955 миң 752 сомго аяктады. Мындан тышкары, РЭТ тарабынан 60 бетон мамыча келип, эскилиги жеткен мамычалар алмаштырылды.

Электр энергиясы айылдын жашоосунда өтө маанилүү. Жарыктын туруктуу болушу – элдин күнүмдүк турмушуна да, келечектеги өнүгүүгө да шарт түзөт. Ошондуктан бул долбоордун ишке ашышы айыл үчүн жакшы жаңылык болду.

Жер мунапысы боюнча да иштер жүрүп жатканы айтылат. Канча жарандын арызы каралды?

— Бүгүнкү күндө 29 жарандын арызы райондук мамлекеттик администрациянын жерлерди которуштуруу, башкача айтканда трансформациялоо комиссиясына сунушталды. Алардын ичинен 10 жарандын арызы боюнча курулуш объектилери алыскы, жобого туура келбеген жерлерде же суу жана электр энергиясынын коргоо зоналарында жайгашканына байланыштуу баш тартылды. Ал эми 19 жарандын турак үйлөрүн калктуу конуштарга трансформациялоо, турак жай үчүн чечим берүү боюнча сунуштар берилди.

Жер маселеси эл үчүн маанилүү маселелердин бири. Ошондуктан, документтерди мыйзам талаптарына ылайык карап, тиешелүү комиссияларга сунуштоо иштери улантылууда.

Айыл чарбасы, мал чарбачылыгы аймактын негизги тиричилик тармактарынын бири. Бул багытта кандай иштер аткарылды?

— Айыл чарбасы, анын ичинде мал чарбачылыгы Сары-Камыш элинин негизги киреше булактарынын бири болуп саналат. Ошондуктан малдын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Былтыр бодо малдын шарп ылаңына каршы 700 баш мал алдын ала эмдөөдөн өткөрүлдү. Майда жандык малдын чечек оорусуна каршы 300 башка эмдөө жасалып, ушул эле малдын чума оорусуна каршы 6000 башка эмдөө жүргүзүлдү. Мындан тышкары малдарды фасцилиоз, диктиокаулез, манезиоз сыяктуу курт ооруларына каршы дарылоо иштери мал ээлери тарабынан жүргүзүлүп

турат.

Ирригация жана таза суу маселеси боюнча кандай иштер аткарылды?

— Сары-Камыш айыл аймагында каналдар жок. Бирок, ички арыктарды тазалоо иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Таза суу боюнча азыркы учурда документтер даярдалып жатат. Бул багыттагы иштерди алдыга жылдыруу – айылдын маанилүү маселелеринин бири. Таза суу – элдин ден соолугу жана жашоо сапаты үчүн абдан зарыл. Ошондуктан бул маселени чечүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү улантылат.

— Жол маселеси айыл тургундары үчүн дайыма маанилүү. 2025-жылы ички жолдорду оңдоо боюнча кандай иштер аткарылды?

Ички жолдорду оңдоо багытында Ара-Талаа жолуна шагыл төшөө иштери жүргүзүлүп, толугу менен бүткөрүлдү. Бул иш үлүштүк дем берүүчү гранттын долбоору аркылуу аткарылды. Жалпы суммасы 3 млн 372 миң 495 сомду түздү. Анын ичинен дем берүүчү гранттан 2 млн 772 миң 500 сом каржыланса, 600 миң сом райондук өнүктүрүү фондунун өздүк каражатынын эсебинен бөлүндү. Мындан тышкары, жайыттарга суу өткөн жерлерге түтүктөр коюлуп, жолдор жасалды.

Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча да иштер жасалган экен. Кайсы көчөлөргө жарык орнотулду?

— Бос-Талаа айылында 5 көчөгө жарыктандыруу орнотулуп, бул иштерге демөөрчүлөр да колдоо көрсөтүштү. Атап айтсак,  Д.Чомоев атындагы көчөгө 37 миң 600 сом, Төракан атындагы көчөгө 100 миң сом, Сыды атындагы көчөгө 168 миң 500 сом, Кайдуулат көчөсүнө 89 миң 760 сом, Нусуп атындагы көчөгө 140 миң сом сарпталды. Ибрай атындагы көчөгө прожекторлор коюлуп, 90 миң 800 сомго каржыланды.

Билим берүү тармагында З.Эгембердиев атындагы мектептин капиталдык ремонту аяктаганы айтылат. Андан сырткары бала бакчаны да ишке киргизиптирсиздер?

— З.Эгембердиев атындагы орто мектебинин 2025-2026-окуу жылына карата капиталдык ремонттоо иштери толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мектептин жаңыланышы окуучулар жана мугалимдер үчүн жакшы шарт түзөт.

Ошондой эле З.Эгембердиев мектебинен 4 класс алынып, кошумча кабинеттер курулуп, 52 орундуу Букен апа атындагы бала бакча ишке кирди. Бала бакчага 3 жаштан 5 жашка чейинки 52 бала кабыл алынат. Учурда бала бакчада 13 кызматкер эмгектенүүдө. Ал эми бала бакчанын ички жасалгасын Букен апанын балдары демөөрчүлүк кылып жасап беришти.

Айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча кандай иштер аткарылды?

— «Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын, Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекемеси тарабынан айыл өкмөтүнө «ХОВО» автомашинасы алынып келинди. Бул үчүн атайын эсептен 1 млн 800 миң сом каржыланып, Жалал-Абад өнүктүрүү фондунан долбоор жазылып, жалпы 5 млн 399 миң сомго автомашина алынган.

Сары-Камыш бийик тоолуу, шарты катаал аймак. Туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

— Сары-Камыш айыл өкмөтү бийик тоолуу, шарты катаал жана эң алыскы айыл өкмөттөрдүн бири. Бирок, айылдын келечектеги өнүгүүсүндө ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу маанилүү. Негизги милдет – элдин жашоо-шартын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана айылдын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.

Бизде Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда Сары-Камыш айыл өкмөтүнө тиешелүү жер бар. Бүгүнкү күндө ошол жерден 50 сотых жерди трансформация кылып, туризмди өнүктүрүү багытында жеке ишкерлерге берип жатабыз. Бул да болсо биздин аймактын өсүп-өнүгүшүнө бир топ салым болот.

Турак жай куруу жана камсыздандыруу боюнча көрсөткүчтөр кандай?

— 2025-жылга план боюнча 37 турак жай берилген. План 100 пайызга аткарылды. Ошондой эле айыл аймагындагы 1 мектеп жана 3 техника өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырылды. Бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 622 644 сом жумшалды.

«Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында кандай иштер аткарылды?

— «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Жумгал токой чарбасынан 11 миң 950 сомго көчөттөр алынып келинип, айыл өкмөтүнүн жана мектептин айланасына тигилди. Ошондой эле Сары-Камыш айыл аймагында жалпы 130 көчөт отургузулса, анын ичинен 10 даанасы ийне жалбырактуу, 120 даанасы жазы жалбырактуу көчөттөр.

Айылдагы социалдык коргоо маселелери жана жарандардын кайрылуулары боюнча кандай жардамдар көрсөтүлдү?

— 2025-жылы социалдык контракттын негизинде 44 үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлүп, жакыр үй-бүлөлөргө кошумча жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлдү. Бул багыттагы иштердин максаты – жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо, аларга өз алдынча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүү.

2025-жылдын 8-январынан 31-декабрына чейин Сары-Камыш айыл өкмөтүнө жазуу түрүндө 46 жаран кайрылган. Электрондук түрдө катталган кайрылуулар болгон жок.

Оозеки түрдө 7 жаран кайрылган. Келип түшкөн 46 арыздын баары өз мөөнөтүндө аткарылып, алардын бардыгы чөп чабынды үчүн жазылган арыздар болгон. Ижарага жерлер убагында бөлүнүп берилди.

Кенже Осмоналиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X