Асылбек Чойбеков: “Жолдорду курууда иш комплекстүү түрдө жүрүүдө”

14-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 69

— Асылбек мырза, кыш чыгаары менен жол курулуш иштери активдүү жүрө баштады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2025-жыл жол куруу иштеринде ийгиликтүү жыл болуптур. Министрликтин быйылкы пландары кандай?

— Туура айтасыз, 2025-жылы жол курууда рекорддук көрсөткүчтөр жаралды. Анткени, 1545 километрден ашык жол асфальтталып, реконструкциялоо иштери жүрдү. Быйыл да ошондой эле көрсөткүчтөргө жетүү максатында жол салуу, оңдоо иштери эрте башталды. Март айында аба ырайы жакшы болгондуктан, аймактарда дароо эле асфальттоо иштерине кириштик. Андан тышкары жолдордогу аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатат. Бул жылы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү Талас облусунда өтө тургандыктан аталган облустун жолдорун оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулат. ШКУнун саммити, Көчмөндөр оюнуна тиешелүү объектилерибиз бар. Аларды да өз мезгилинде аяктоо үчүн иштер активдүү жүрүүдө. Бишкек шаарында Профсоюз көчөсү, жаңы Ош базарына барчу жол салынат. Аймактар боюнча айтсак, Чолпон-Ата айланма жолу, Кырчын жайлоосуна, Кара-Кол–Эңилчек, “Ала-Тоо резорт” комплексине алып бара турган жолдорго басым жасалат. Нарын облусунда Нарын–Баетов жолу көйгөйлүү болуп тургандыктан, быйыл аны да бүтүрүүнү пландап жатабыз. Негизи эле Нарында 2026-жылы 100 чакырымдан ашык жол асфальтталып, көп иштер жасалат. Жалал-Абад облусунда 2024-жылы башталып, бирок аягына чыга элек объектилерибизди 2026-жылдын аягы, 2027-жылдын башында бүтүрүүнү пландап жатабыз. Булар Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка жана Сафаровка–Барпы жолдору. Андан тышкары Манас шаарынын Батыш айланма жолу да курулууда. Ош облусунда да 250 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөт. Баткен облусунда титулдук тизме боюнча 100 чакырымдан ашык жол планга коюлган. Ал жакта да жумуштар үзгүлтүксүз, өз мөөнөтүндө жүрүп жатат. Андыктан жылдын аягына чейин бир топ жолдорубуз салынып, пландар аткарылат деп турабыз. Бизге коюлган тапшырмалардын дээрлик баары аткарылып, күчөтүлгөн көзөмөлдө болуп жатат.

— Азыр жол эле салынбастан комплекстүү иштер жүрүп, чоң трассаларда дааратканалар да курулуп, алардын айлана-тегереги да асфальтталып жатыптыр…

— Биз Туризм департаменти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы салынган жолдордун белгилүү тилкелерине рест поинттерди да куруп кетип жатабыз. Рест поинттер жолдо жүргөн айдоочу, жолоочулар эс алып алууга ыңгайлашкан жерлер эмеспи. Андыктан ал жерлерге сөзсүз унаа токтоочу жайлары да курулушу керек. Биздин жумуш ошол себептен комплекстүү түрдө жүрүүдө. Жол четиндеги айрым участоктор да асфальтталып жатат. Келечекте эл аралык жолдордун тилкелеринде да рест поинттерди орнотуу пландары бар. Жол курулуп жатканда айрым учурларда элдин талабы, негизи эле муктаждыктарга карап долбоорду өзгөрткөн учурлар кездешип турат. Жол четиндеги аялдамаларды жылдыруу, айрым жолдорду ачуу же жабуу, жөө адамдар баскан тротуарларды куруу сыяктуу иштерди бирдей алып кетүү аракетиндебиз.

— Жолдордун сапаты боюнча суроолор жаралбайбы?

— Негизинен сапатты текшерүү комплекстүү иш. Бизде жолдор категорияларга бөлүнөт. Категориясына жана маанилүүлүгүнө жараша адистер көзөмөлгө алышат. Мамлекеттик маанидеги ири жолдорду министрликтин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо жана изилдөө институтунун жана жергиликтүү маанидеги жолдордун курулушун министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн (РО) инженерлери, геодезистери ар бир этапты текшерип көзөмөлгө алышат. Жол салуу оңой иш эмес. Бирок, жолдорду текшерген адистер жетишсиз. Азыр бул көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

— Көпүрөлөр да оңдолобу?

— Көпүрө оңдоо иштери суу тартылганда жүргүзүлөт. Башкача айтканда, негизги иштер сентябрдан декабрь айына чейин болот. Эгер суу аз болсо, жылдын башка мезгилинде иштерди аткарууга даярбыз. Азыр республика боюнча 37 авариялык абалдагы көпүрө оңдоп-түзөөгө киргизилген. Белгилей кетүүчү жагдай, өлкө боюнча Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл облустарында көпүрөлөр көп жайгашкан.

2026-ЖЫЛЫ КАЙСЫ АВТОЖОЛДОР САЛЫНАТ?

«Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча болжолдуу 800 чакырымдан ашык, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым, мындан тышкары инвестициялык долбоорлор боюнча 1,5 чакырым жол куруу жана оңдоо каралган. Быйылкы, 2026-жылы жалпы жонунан 1,6 миң чакырым жол салууну пландап жатабыз. Бирок, курулуштун жүрүшүндө айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулушу уланып жаткан долбоорлор: Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол, Нарын—Баетов, Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка жана Сафаровка—Барпы жолдору.

Ошондой эле Түндүк—Түштүк альтернативдик жолундагы кошумча 5 курулманын, улуттук маанидеги Барскоон—Бедел жолунун, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун, ошондой эле Лебединовка—ГЭС-5, Бишкек—Кант, Арашан—Чуңкурчак, Бишкек—Күнтуу—Шопоков сыяктуу объектилердин курулушу улантылат. Узундугу 105 км Каракол—Эңилчек автомобиль жолу реконструкцияланат. Токтогул—Беш-Таш автомобиль жолун капиталдык оңдоо иштери жүрөт. Самаркандек – Мураз – Арка автомобиль жолуна асфальт төшөлөт.

Муну менен катар инвестициялык долбоорлордун эсебинен төмөнкү иштер улантылат: «Суусамыр—Талас—Тараз» автожолун реконструкциялоо (IV фаза)—узундугу 93 км, Корумду—Балбай Баатыр участогу—узундугу 79,3 км, Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок — узундугу 75 км.

Жаңы долбоорлор: Профсоюз көчөсү — 8,5 чакырым, жаңы Ош базарына барчу жол — 8,7 чакырым, Чолпон-Ата шаарын айланып өтүүчү жол – 15 чакырым, Ак-Суу районундагы Боз-Учук—Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөө, Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» («Ала-Тоо резорт») тоо-лыжа базасына барчу 8,5 чакырымдык альтернативдик жолду, ошондой эле ага туташуучу жана технологиялык жолдорду долбоорлоо жана куруу, Жети-Өгүз—Койсары (Жети-Өгүз курорту) унаа жолунун 15 чакырым аралыгын реконструкциялоо, узундугу 51 чакырымды түзгөн Тамдык—Кишемиш—Дөнөн—Булак-Башы унаа жолун долбоорлоо жана куруу жана башка ондогон жолдор бар.

Жазгүл Кенжетаева

 

14-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 69
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X