Асылбек Кусеев: Веложүрүшүмдү мекенимдин эгемендүүлүк күнүнө арнайм

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Спорт 246

Бишкек шаарынын тургуну, мурдагы аскер кызматкери Асылбек Кусеев Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Тоң районунун 90 жылдык мааракесине карата өлкөнү велосипед менен айланып чыгууну чечти. Эки миң чакырымдан ашуун аралыкты басып өтүүнү пландаган А.Кусеев бул сапары аркылуу Кыргызстандын кооз жаратылышын таанытып, сергек жашоо образын жайылтууну көздөйт.

– Асылбек, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Мен Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулуп-өскөм. Орто мектепти 2009-жылы аяктагандан кийин дароо эле аскер кызматына бардым. Улуттук гвардияда кызмат өтөдүм. Аскердик кызмат мага чоң таасир берип, кийин Казакстандын Улуттук улан аскер институтунда билим алдым. Андан соң өлкөбүздүн түндүк жана түштүк аймактарындагы бир катар аскер бөлүктөрүндө жетекчилик кызматтарды аркаладым. Кийин аскердик кызматымды жыйынтыктадым. 2025-жылы турмуштук себептерден улам Швецияга барып, ошол жакта иштеп калдым. Веложүрүш уюштуруу идеясы дал ошол жакта жаралган. Башында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Европадан Кыргызстанга чейин веложүрүш» уюштурууну пландагам. Бирок документ иштеринде тоскоолдуктар болуп, кайра Кыргызстанга кайтып келдим.
Мекенге келгениме бир жума болгондо эле ушул идеяны өз өлкөмдө ишке ашырууну чечтим. Бул веложүрүш туулуп-өскөн Тоң районумдун 90 жылдык мааракесине жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналат.

Маршрутуңуз кандай болот?
– Сапарым Бишкек шаарынан 12-июль күнү башталды. Алгач Ысык-Көлдү көздөй жөнөйм. Маршрутум Бишкек – Балыкчы – Түп – Каркыра – Ак-Суу – Эңилчек – Жыргалаң – Жети-Өгүз аркылуу Тоң районуна чейин уланат.

Тоң районунун 90 жылдык мааракеси июль айынын соңунда белгиленет. Мен ошол күнү сөзсүз өзүмдүн кичи мекениме жетүүнү максат кылдым.
Андан кийин кайра Балыкчыга келип, Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу аркылуу Манас шаарына барам. Андан соң Ошко, Баткен облусунун эң алыскы райондоруна чейин жетүүнү пландап жатам. Ошондой эле Арстанбапка жана Аксы районундагы Сары-Челек көлүнө да барам. Андан кийинки маршрутум Ош – Бишкек жолу аркылуу Кара-Көл, Токтогул, Чычкан ашуусу менен Талас облусуна өтүп, кайра Бишкекке кайтам. Бишкекке 31-августта келип калууну көздөп жатам. Албетте, баары план боюнча болсо жакшы. Эгер кечигип калсам деле маселе эмес. Мен үчүн эң башкысы – бул веложүрүштү мекенимдин Эгемендүүлүк күнүнө арноо. Сапарымдын жүрүшүн социалдык тармактар аркылуу үзгүлтүксүз бөлүшүп турам.

Мындай идея кандайча пайда болду? Эмне үчүн дал велосипедди тандадыңыз?
– Башында Европадан чыгууну пландагам деп айттым го. Швецияда жүргөндө адамдардын жаратылышка болгон мамилеси мага абдан жакты. Алар велосипедди көп колдонушат. Мен да велосипед менен өлкөнү кыдырып, каалаган жеримде токтоп, социалдык тармактар аркылуу элиме Кыргызстандын кооз жаратылышын көрсөтүп, тазалыкты кантип сактоо керектигин айтып бергим келди.

Бүгүнкү күндө да ошол максатым өзгөргөн жок. Мен сергек жашоо образын карманам. Велосипед тебүү ден соолукка пайдалуу. Ошондуктан мекендештеримди да велосипедди көбүрөөк пайдаланууга үндөгүм келет. Швецияда велосипедди көп тепчүмүн, бирок мындай узак сапарга биринчи жолу чыгып жатам.

Буга чейин Кыргызстанды кыдырып көрдүңүз беле?
– Ооба. Бир гана Баткен облусуна бара элек болчумун. Бул сапарда ал жакка да барып келем.

– Велосипедиңиз тууралуу айтып берсеңиз.
– Велосипедим «Gestalt» үлгүсүндөгү тоо велосипеди. Тоодо да, шаар ичинде да жүрүүгө ылайыктуу. Сапарга керектүү бардык шаймандарды даярдап алдым. Жолдо бузулуп калса, өзүм эле оңдоп алам.

Асылбек мырза, алдыдагы сапарыңыз ийгиликтүү өтсүн. Ак жол каалайбыз!
– Рахмат.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X