Ат-Башы–Өзгөрүш жолу ачылды

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 86

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосунда жүргөн сел суусунун деңгээли төмөндөп, кайра өз нугу менен агууда.

Нарын облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, Ат-Башы–Өзгөрүш унаа жолу толугу менен ачылып, учурда эки тараптуу кыймыл калыбына келтирилди.

Алдын ала маалымат боюнча, селден унаа жолуна жана көпүрөгө эч кандай зыян келтирилген эмес.

Тиешелүү кызматтар кырдаалга көзөмөл жүргүзүүнү улантууда. Кошумча маалымат берилет.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 86
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X