Ат-Башы районунда жол кырсыктарынын алдын боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Нарын облусунун Ат-Башы райондук Ички иштер башкармалыгынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ат-Башы районунун аймагында жол коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ача-Кайынды айылынан Өзгөрүш айылына жана Босого жайлоосуна чейин барып, айдоочуларга жана айыл элинин тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Эгин оруп-жыйуу мезгилинде ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына жана эс алып келген жарандарды, туристтерди ташып келген айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле Ат-Башы РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы менен жарандардын арыз-даттанууларын жеринен кабыл алышып, көмөк көрсөтүп алдын алуу иштери уланууда.