Ат-Башыда ири үрөн сактоочу агро борбор курула баштады

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 175

Ат-Башы районунда Кыргызстандагы алгачкы ири үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып жатат.

Жаңы заманбап борбор үрөндүк картошканы сактоо, сорттоо жана фермерлерди сапаттуу жергиликтүү үрөн менен камсыздоо максатын көздөйт. Бул инфраструктура айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана фермерлердин өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Аталган агро борбор Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө түрткү берип, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө олуттуу салым кошору күтүлүүдө.

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 175
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X