Ат-Башыда жаңы сот имаратынын курулушу башталды

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Ат-Башы районунда жаңы административдик сот имаратынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Салтанат 8-сентябрда өттү.

Иш-чарага Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, судьялар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Медербек Сатыев жаңы имараттын курулушу сот тутумун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, имаратта судьялар жана сот кызматкерлери үчүн зарыл шарттар түзүлүп, жарандарга да ыңгайлуу шарттар каралат.

«Жарандардын сот бийлигине болгон ишеними адилеттүү чечимдер менен гана эмес, соттордун ачыктыгы, жеткиликтүүлүгү жана иш жүргүзүү шарттары менен да бекемделет», – деди ал.Возможно, это изображение ‎текст "‎Кыргызской Pec Долбоорчу ую OcOO <Элет A E V зеМЬ Подряддык ун ОсО <<Олимп יירם Курулуш башта жылы: 2025-ж Негизги имарат янты: янты:1305,35 1305,35‎"‎

Нурбек Сатаров жаңы имарат аймакта сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүүгө жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.

Салтанатта Жогорку соттун Төрагасы, Президенттин өкүлү жана иш-чаранын катышуучулары имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.

Жаңы сот имараты заманбап талаптарга жооп берип, район тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү сот кызматтарын көрсөтүүгө багытталат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X