«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча конкурс жарыяланды

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 78

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин куруу, көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча архитектуралык концепцияны иштеп чыгууга ачык конкурс жарыялады.

Президенттин тапшырмасынын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевге жүктөлгөн.

Конкурстун максаты — комплекстин тарыхый жана руханий маанисин сактоо менен улуттук эс тутумду чагылдырган заманбап архитектуралык мейкиндикти түзүү, аймакты көрктөндүрүү жана келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.

Конкурска архитекторлор, долбоорлоо жана шаар куруу уюмдары, инженерлер, дизайнерлер, илимий-изилдөө мекемелери жана чыгармачыл жамааттар катыша алышат.

Долбоорлордо мемориалдык комплекстин тарыхый өзгөчөлүгүн жана учурдагы эстеликтерин сактоо, аймакты жашылдандыруу, транспорттук жана инженердик инфраструктураны жакшыртуу, эскерүү иш-чараларын өткөрүү жана расмий делегацияларды кабыл алуу үчүн шарттарды түзүү каралышы керек. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.

Катышуучулар архитектуралык концепцияны, башкы планды, эскиздик долбоорлорду, визуалдык материалдарды, түшүндүрмө катты, болжолдуу нарктын эсебин жана долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу планын тапшырууга тийиш.

Долбоорлор тарыхый-мемориалдык мааниге шайкештиги, архитектуралык өзгөчөлүгү, функционалдуулугу, коопсуздугу, экологиялык туруктуулугу, экономикалык негиздүүлүгү жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча атайын комиссия тарабынан бааланат.

Конкурстук материалдар 2026-жылдын 27-октябрынан 27-ноябрына чейин кабыл алынат.

Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 441.

Электрондук почта: mincult@mail.gov.kg

Конкурстун жеңүүчүлөрү атайын комиссиянын чечими менен аныкталат. Сыйлоо шарттары, байге фонду жана кошумча техникалык талаптар өзүнчө жобого ылайык белгиленет.

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X