“Ата-Бейитте” Апрель революциясынын баатырлары эскерилди
Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондордун элесин эскерди.
Ал Бишкек шаарындагы “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жайгашкан мемориалга гүл коюп, курман болгондорго багышталып куран окулду.
Эскерүү иш-чарасына президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.
Белгилей кетсек, 7-апрель — Кыргызстанда 2010-жылдагы элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленип келет.