"Эркин-Тоо"

Ата мекендик товарларды мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө тескемеге кол коюлду

Президент Садыр Жапаров өлкө экономикасынын айрым тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салууну белгилөө жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Документке ылайык, министрлер кабинетине мамлекеттик муктаждыктар үчүн ата мекендик товарларды белгиленген тартипте алып салууну белгилөө тапшырылды.

Ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго өнөр жай продукциясын ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу сунушталды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!