АТЫЛБАЙ КАЛГАН БӨРҮ
Кыргыздын алгачкы калемгерлеринин бири Бөрү Кененсариндин “Сага арнап” аттуу тарыхый изилдөөлөрүн, ырларын жана драмасын камтыган жыйнагы чыгармачыл инсандын ал кандай катаал тагдырга кириптер болбосун артында калган асыл мурастары эртеби-кечпи жарык көрүп, эл эмгектен эскерери калетсиз экендигин далилдейт.
“Азыркы окурманды таңкалтырчу жагдай, Бөрүбай Кененсариндин өз учурунан, замандаштарынан озуп, таланты, билим деңгээли жана көз карашы жагынан алдыда да, бийикте да тургандыгы. Мунун барына башкалардын ичин күйгүзгөн “күлүктүгү”, бай-манап тукумунан чыккандыгы кедерги болуп, сталиндик репрессияга тушуктурган. Ошол аруу дилдүү, ачуу тилдүү калемгердин аянычтуу тагдыры окурмандын асыл сезимин козгобой койбойт. Антсе да, каниет кылаар асыл мурас калтырып кеткен экен кайран киши. Анын кыргыз тарыхына байланыштуу бай маалыматтарын кызыгуу менен окуйсуз. Эски менен жаңынын карама-каршылыгы, кыргыз турмушунун көөнө-көрүнүштөрү чагылдырылган казынаны батырган жан дүйнөсүнө тан берип, алкышыңды айтасың” — деп жазган Ильгиз Талип. Ильгиз агабыз учурунда “Кыргызстан Маданияты” редакциясында Бөрү аксакалдын жубайы Батый апа менен чогуу иштеген. Ал эми дээрлик 30 жыл мурдагы пикири автордун быйылкы 130 жылдыгына да дал келет.
“Сага арнап” жыйнагын кол жазмалар фондунан жана жубайы Батый ападан аспиеттеп чогулткан Мистегүл Махмутбекованын мээнети да Бөрү аксакалдын арбагын ыраазы кылаарлык болгон… Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Махмутбекованын баянына караганда убагында “Ленинчил Жаш” гезитине “Бөрү атылсын” деген макаланы Кубанычбек Маликовго атайылап жаздырткан редактору Жоомарт Бөкөнбаев кийин өкүнүү менен: «Бөкө, убалыңызга мен калдым. Кечириңиз» — деп алдынан өткөн экен. Көрсө, ошол макала дагы башка шылтоолорго шыноо болуп, Бөрүбай Кененсарин куугунтукка алынып, алыскы Мургаб, Хорогко чейин качууга аргасыз болот. Камалып же атылбаганы менен репрессиянын моралдык курмандыгына айланган калемгер ден соолугунан ажырап, кол жазмаларынан да айрылган жагдайга учурайт. Партиянын атайын токтому менен талкууга алынып, караланган “Кызыл гүл” жамааттык жыйнагына кирген чыгармасынан башкасы кийин жарык көргөн эмес. Кызматсыз жүргөнүндө Кыргыз ТАГка котормочулукка орноштурган Курмангали Каракеевге өмүр бою ыраазы боло, бош калган адабий казынасын канчалык толтурууга аракет кылганы менен ойдогудай ишке ашыра албай кеткени баамдалат. Ал турмак бозгунда жүргөндө даяр кол жазмаларынын далайын жоготкон.
“Быйылкы 130 жылдыгында Жазуучулар союзу менен Чүй облусу, Сокулук району биригип, жогоруда аталган “Сага арнап” жыйнагын толуктоолор менен кайра чыгарууну колго алышса кыргыз адабиятынын XX кылымдын 20-30-жылдарында түптөгөн муун өкүлү Бөрүбай Кененсариндин руханий мурастарына чоң камылга көрүлмөк эле” — деген Махмутбекованын түзүүчү катарындагы кайрылуусу ишке ашаарынан үмүт үзбөй туралы. Айтмакчы, Бөрүбай Кененсариндин 1916-жылдагы көтөрүлүш күбөсү катары асылбаштыктардын (таякелеринин) Үркүндөгү тарткан азап-тозоктору боюнча жазгандары дагы маанилүү. 1998-жылдагы жыйнак да автордун Нурбү, Кубанычбек сыяктуу жакын туугандарынын күчү менен жарык көргөн. Түзүүчүнүн илимпоз катары пикири мындай: “Жыйнактан калган араб жана латын тамгаларындагы кол жазмаларын фото-сүрөттөрү менен кошо илимдер академиясынын кол жазмалар фондуна өткөрүү жаш илимпоздор үчүн кыргыз адабият тарыхынын калыптануу мезгилин изилдөөнүн баалуу булагы болуп калмакчы”.
Калыгул Бейшекеев