Авариялык иштер ыкчамдайт. Бишкек электр тармактарына 6 жаңы техника берилди
Бишкек электр тармактарынын автопаркы 6 жаңы атайын техника менен толукталды. Жаңы унаалар электр тармактарын оңдоо, тейлөө жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринде колдонулат.
Маалыматка ылайык, Түндүк РЭТке Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу кран-манипулятор жана автогидрокөтөргүч берилди. Ал эми Чыгыш, Батыш, Аламүдүн РЭТтерине жана атайын кызматка JAC T8 үлгүсүндөгү унаалар бөлүштүрүлдү.
Жаңы техникалар энергетиктердин ишин ыкчамдатып, авария болгон учурда жерине тез жетип, оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Атайын техникалардын паркын жаңылоо Бишкек шаарындагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоого багытталган.