Авариялык иштерден улам Бишкектин бир бөлүгүндө суу берүү чектелди
Бүгүн, 10-июлда саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр тармагындагы мүчүлүштүккө байланыштуу өзгөчө кырдаал катталды. Ага байланыштуу борбор калаанын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу чектелди.
Маалыматка ылайык, суу берүү Чыгыш ЧЧК – Анкара көчөсү – Кыдыр-Аке көчөсү – Оберон көчөсү – Лев Толстой көчөсү – Аламүдүн суусу – М. Горький көчөсү – 7-апрель көчөсү – Чыгыш ЧЧК менен чектелген аймакта токтотулду.
Учурда адистер авариянын себептерин аныктап, анын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатышат. Оңдоо иштери маалында суу топтомосунун электр энергиясы толугу менен өчүрүлүп, насостук жабдуулар иштебей тургандыктан суу берүү мүмкүн болбойт.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тургундар үчүн ичүүчү сууну атайын унаалар аркылуу жеткирүүнү уюштурат.
Ишканадан суу берүү калыбына келтирилгенге чейин жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранышты. Кошумча маалыматтар кырдаалга жараша берилет.