Авариялык өчүрүү: «Бишкексууканал» суу качан берилерин билдирди

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 242

Бишкекте электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө байланыштуу суу алуучу жайлардын иши убактылуу токтоп, айрым аймактарда суу берүү үзгүлтүккө учурады.

«Бишкексууканалдын» маалыматына ылайык, электр энергиясы калыбына келтирилгенден кийин суу берүү этап-этабы менен жанданат. Учурда адистер насостук станцияларды кезеги менен ишке киргизип жатышат.

Саат 15:30га карата суу алуучу объектилерде электр менен камсыздоо акырындык менен калыбына келип, калыбына келтирүү иштери уланууда.

Ишкана шаар тургундарынан жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, суу берүү мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө толук калыбына келтирилерин билдирди.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 242
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X