"Эркин-Тоо"

Авазбек Атаханов Индиянын элчиси менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттержи менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Индия тараптын өтүнүчү боюнча бүгүн, 14-сентябрда өтүп, анда эки тараптуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, кыргыз-индия Тышкы иштер министрликтер аралык кезектеги 13-чү консультацияларын өткөрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Индиянын элчиси Арун Кумар Чаттержи тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановду кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-индия мамилелерин өнүктүрүү үчүн жигердүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!