Авиация тармагындагы реформалар өз жемишин берди
Кыргызстандын жарандык авиация тармагы үчүн 2026-жылдын 9-июну тарыхый бурулуш катары эсте кала турган болду. Дал ушул күнү Европа комиссиясынын өкүлү Анна-Кайса Итконен Кыргызстандын Европа Биримдигинин авиациялык «кара тизмесинен» чыгарылгандыгын расмий түрдө жарыялады.
Дээрлик жыйырма жыл бою ЕБдин авиациялык коопсуздук боюнча “кара тизмесинде” турган Кыргызстан акыры бул чектөөдөн толук арылды. Европа Комиссиясынын чечими менен Кыргызстанда сертификацияланган бардык авиакомпаниялар аталган тизмеден чыгарылып, өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылды. Билгенге, мамлекеттин эл аралык аренадагы аброюна, инвестициялык жагымдуулугуна жана транспорттук байланыштарына түздөн-түз таасир эткен маанилүү окуя болду.
20 жылдык күрөштүн жыйынтыгы
Кыргызстан 2006-жылы Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча чектөө тизмесине киргизилгенден тартып, өлкөнүн авиакомпаниялары Европа мамлекеттерине түз каттамдарды аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Мунун негизги себеби, авиациялык коопсуздукту көзөмөлдөө системасындагы кемчиликтер, эл аралык талаптарга толук жооп бербеген механизмдер көрсөтүлүп келген.
Ошондон бери бул маселе өлкөнүн жарандык авиациясындагы эң оор жана узакка созулган көйгөйлөрдүн бири болуп келе жаткан эле. Кыргызстандын башына келген Президенттер же өкмөттөр бул тоскоолдукту жоюуга аракет кылышканы менен олуттуу натыйжалар байкалган эмес.
Акыркы жылдары авиация тармагын жаңылоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланып, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандык авиацияны реформалоо, учуулардын коопсуздугун мамлекеттик көзөмөлдөөнү күчөтүү жана эл аралык стандарттарды толук киргизүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жаткан.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) жана Европалык авиациялык коопсуздук агенттигинин талаптарын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурган. Натыйжада, авиациялык көзөмөлдүн улуттук системасы түп-тамырынан жаңыланып, бир катар эл аралык аудиттерден ийгиликтүү өткөн. Европа Комиссиясы өз чечиминде дал ушул реформалардын натыйжалуулугун өзгөчө белгиледи. Анын ичинде техникалык консультациялардын жыйынтыктары, 2026-жылдын март айындагы баалоо миссиясынын корутундулары жана Брюсселде өткөн угуулардагы кыргыз тараптын ишенимдүү аргументтери оң баага татыган.
Экономика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
Европанын авиациялык “кара тизмесинен” чыгуу биринчи кезекте кыргызстандык авиакомпаниялар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачаары турган иш. Эми тиешелүү сертификаттар менен уруксаттарды алган улуттук авиаташуучулар Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө түз жана үзгүлтүксүз каттамдарды уюштура алышат.
Бул өз кезегинде бир нече стратегиялык артыкчылыктарды камсыздайт.
Биринчиден, өлкөнүн транспорттук жеткиликтүүлүгү жогорулап, Европа менен түз аба байланышты ачып бизнес, туризм жана жүк ташуу тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Экинчиден, Кыргызстанга туристтик агым көбөйүшү да толук мүмкүн. Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан Кыргызстан, өзүнүн табигый кооздугу, керемет Ысык-Көлү, экологиялык туризм мүмкүнчүлүктөрү жана маданий мурасы менен европалык туристтерди тартууга шарты бар өлкө.
Эми алдыдагы негизги милдет, жетишилген ийгиликти сактап калуу менен өлкөнүн экономикалык өсүшүнө, туризмдин өнүгүшүнө жана эл аралык аброюнун жогорулашына айландыруубуз керек.
Күнболот Момоконов