Авиакаттамдарга кайрадан чектөөлөр киргизилди

31-март, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

Эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу бир катар эл аралык каттамдар убактылуу токтотулгандыгын “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, “Авиа Траффик” авиакомпаниясынын Бишкек шаарынан Воронеж, Иркутск, Казань, Краснодар, Красноярск, Новосибирск, Сургут шаарларга, Алматы – Бишкек, Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багытындагы учуулар токтотулду.

Жүргүнчүлөр аэропорттун веб-сайтынан учуу тартибин текшере алышат.

31-март, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X