Аялдар – мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкон күчпү?
Заманбап дүйнөдө аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык турмуштагы ролу барган сайын күчөп, мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири катары бааланууда. Чечим кабыл алуу процесстерине аялдардын активдүү катышуусу демократияны бекемдеп, экономикалык өсүштү тездетип, коомдогу тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздай турганы эл аралык тажрыйбада дагы далилденүүдө. Бул багытта Кыргызстан, акыркы жылдары олуттуу жетишкендиктерди көрсөтүп, Борбордук Азияда аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган өлкөлөрдүн бири катары айырмаланып бара жатат.
Жакында, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык кылуусунун алкагында “Аялдардын лидерлиги” аттуу, аялдар форуму өттү. Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери, жарандык коом, эксперттер, ишкер айымдар жана аялдар кыймылынын лидерлери катышып, аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык турмуштагы ролун кеңейтүү, чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун күчөтүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Форумдун алкагында аялдардын саясий лидерлиги, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, гендердик теңчилик жана аймактык кызматташтык маселелери боюнча кеңири пикир алышуулар болду.
Форумдун ачылышында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы белгилегендей, бүгүнкү күндө аялдар өнүгүү процесстеринин жөн эле катышуучулары эмес, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө, социалдык туруктуулугуна жана мамлекеттик башкаруусуна олуттуу салым кошуп жаткан негизги күчтөрдүн бири болуп саналат. Анын айтымында, Кыргызстан аялдардын мамлекеттик башкарууга, саясатка, экономикага жана жарандык коомго активдүү катышуусу боюнча Борбордук Азиядагы оң өзгөрүүлөрдү көрсөтүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.
Чындыгында, Кыргызстан акыркы жылдары аялдардын саясий өкүлчүлүгүн кеңейтүү багытында олуттуу кадамдарды жасады. Учурда, Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын үлүшү 33,4%ды, ал эми жергиликтүү кеңештерде 40%ды түзөт. Бул көрсөткүчтөр шайлоо мыйзамдарына киргизилген гендердик квоталардын жана аялдардын лидерлигин колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун айгинелейт.
Борбор Азия өлкөлөрү менен салыштырганда, Кыргызстан аялдардын парламенттеги өкүлчүлүгү боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Мисалы, Казакстанда аялдардын парламенттеги үлүшү болжол менен 20%дын тегерегинде болсо, Өзбекстанда 38%га жакын, Тажикстанда 27%дын, ал эми Түркмөнстанда 25%дын айланасында. Бул көрсөткүчтөр аймакта аялдардын саясаттагы орду акырындык менен бекемделип жатканын таасын көрсөтөт. Жакшы деш керек.
Бирок, аялдардын коомдогу ролу саясат менен гана чектелбейт. Мисалы, Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин олуттуу бөлүгүн аял ишкерлер жетектешет. Алар билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, кызмат көрсөтүү, санариптик технологиялар жана чыгармачылык индустриялар сыяктуу тармактарда жаңы жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн экономикасына чоң салым кошуп келишет.
Эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, гендердик теңчиликке жетишкен мамлекеттерде ички дүң өнүмдүн өсүү темпи жогору болуп, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу жана коомдук ишеним деңгээли дагы жогорулаганы маалым. Ошондуктан, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү социалдык адилеттүүлүктү камсыздоонун, экономикалык өнүгүүнү ылдамдатуунун жана атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетти куруунун негизги шарттарынын бири болуп эсептелет.
Өтүп жаткан ШКУнун аялдар форуму, мына ушул багыттагы кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана аялдардын лидерлигин мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болду.
Күнболот Момоконов