Аялдарга карата каралган иштер былтыркыга салыштырмалуу азайды — Свердлов райондук соту

30-апрель, 2026-ж. / Редакция / Коом 60

2026-жылдын 1-кварталында Свердлов райондук соту тарабынан 141 адамга карата 127 кылмыш иши каралган. Анын ичинен айыпталуучу катары аялдар өткөн 14 адамга карата 13 кылмыш иши каралып, бул жалпы каралган иштердин 10,2%ын түзгөн.

Аялдарга карата каралган кылмыш иштериндеги жаза колдонуу тажрыйбасына токтолсок, 3 аял эркинен ажыратылып соттолгон же 21,4%ды түзгөн, 2 аялга айып пул салынган, ал эми 9 аялга карата кылмыш иши жабырлануучулар менен элдешкендигине байланыштуу токтотулган.

2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу, 2026-жылдын 1-кварталында иштер азыраак каралган. Тактап айтканда, 2025-жылдын 1-кварталында 24 адамга карата 23 кылмыш иши каралган. Алардын ичинен 2 аял эркинен ажыратылган, 4 аялга пробациялык көзөмөл колдонулган, 4 аялга айып пул салынган, 2 аялга башка жаза түрлөрү дайындалган жана 12 аялга карата 12 кылмыш иши Кыргыз Республикасынын КЖПКсынын                                       27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, жабырлануучулар менен элдешүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтотулган.

Айыпталуучу катары аялдар өткөн кылмыш иштерин талдоодо, негизинен оор эмес кылмыштар жасалганы аныкталган. Алар: олуттуу өлчөмдөгү уурулук, алдамчылык, бейбаштык сыяктуу кылмыштар болуп, көпчүлүгү жумушсуз жана мурда соттолгон аялдар тарабынан жасалган. 4 аял кылмышты жашы жете электер жана эркектер менен топтошуп жасашкан. Айыпталуучулардын жаш курагына токтолсок: 20 жашка чейинкилер — 3 кыз, 30 жашка чейинкилер — 1 аял, 40 жашка чейинкилер — 6 аял жана 40 жаштан жогорку курактагылар — 4 аял болгон.

Иштер боюнча келтирилген зыяндын орду толтурулганын, айрым аялдар кылмышты биринчи жолу жасаганын, кылган ишине өкүнүп, күнөөсүн толугу менен моюнга алганын эске алуу менен, сот тарабынан кылмыш мыйзамынын талаптарына ылайык эркинен ажыратууга байланышпаган жаза чаралары дайындалган.

Сот чечимдери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жана Кылмыш кодексинин талаптарына ылайык чыгарылгандыгын эске алуу менен, айыпталуучу катары аялдар өткөн кылмыш иштери боюнча райондук прокуратура тарабынан апелляциялык сунуштар киргизилген эмес жана чечимдер мыйзамдуу күчүнө кирген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X